Abstract
<jats:p>Бул макалада студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүдө окуу-талаа практикаларынын ролу каралган. Изилдөө Ош мамлекеттик университетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасындагы туризм жана география багыттарынын мисалында жүргүзүлгөн. Окуу-талаа практикаларынын студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруудагы, кесиптик компетенцияларын калыптандыруудагы жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодогу мааниси талданган. География багытындагы аймактар аралык маршруттук практикалар жана туризм багытындагы окуу-таанышуучу, өндүрүштүк, уюштуруучулук-башкаруучулук жана квалификация алдындагы практикалардын мазмуну көрсөтүлгөн. Ошондой эле практикалар аркылуу студенттерде изилдөө жүргүзүү, маалымат топтоо, талдоо, коммуникация жана уюштуруучулук жөндөмдөр калыптанары белгиленген. Изилдөөнүн жыйынтыгында окуу-талаа практикалары жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүү фактору экендиги аныкталган.</jats:p>